Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ӨСҮМДҮКТӨР ДҮЙНӨСҮ (өсүмдүктөр) – жер бетинде же анын айрым аймактарында өсүп турган, алардын саны жана өсүмдүктөрдүн артүркүн топтору, алардын аймактары, түзүмү жана өнүгүүсү, ошондой эле өсүмдүктөрдүн жашоо тариздери менен мүнөздөлгөн, табигый курамы, түзүмү, абалы жана мааниси аркыл, жаралуу мезгили артүркүн жана фитоценогенездин арбашка бөлүмдөрүнө бириктирилген өсүмдүктөрдүн же өсүмдүк түркүмдөрүнүн жыйындысы.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ӨСҮМДҮКТӨР ДҮЙНӨСҮНҮН ОБЪЕКТИСИ (же табигый өсүмдүктөр байлыгы) – жер бети менен жер астында жапайы өскөн өсүмдүктөрдүн баардык түрлөрү: тамырлар, уруктар, гүлдөр, чөптөр, дары-дармек жана техникалык өсүмдүк заттары, жапайы мөмөлөр, козукарындар, жемиштер, жаңгактар, мистелер, чычырканактар, сейрек жана жоголуп бараткан өсүмдүктөр, дарактар, дарак тобундагылар, бадалдар, мажүрүм талдар, камыштар, ошондой эле эңгилчектер, суу өсүмдүгү, балырлар ж. б. у. с. Ө. д. о. өзара төмөндөгүдөй бөлүнөт: а) арналышы боюнча – азык-түлүк, тоют, дары-дармек, техникалык; б) таралышы боюнча – жалпы таралган, таралышы чектелген, сейрек кездешүүчү, жоголуп бараткан өсүмдүктөр.